Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууга кышка карата 4,5 миң тонна кум даярдалды. Муну Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти. Бишкек-Ош унаа жолу мамлекеттик дирекциясы менен аталган министрликтин адистери кооптуу аймактар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүп жатышат.
Бишкек-Ош жолун караган жумушчулардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн тоннелдеги жана башка аймактардагы ашкана, мончо, жатаканалары оңдоп-түзөөдөн өтүптүр.