Камчыбек Ташиев: "Коңшубуз жардам сурап жатканда жөнөтпөй коё албайбыз"

Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Дастан Бекешовдун "Биз Казакстанга аскерлерди жөнөтүүдөн баш тартууга болобу?" деген суроосуна Камчыбек Ташиев төмөнкүчө жооп берди.

"Албетте, мындай мүмкүнчүлук ар бир мамлекетте бар. Бирок биз Жамааттык коопсуздук келишимге кол койгонбуз. Биздин коңшубуз жардам сурап жатканда жөнөтпөй коё албайбыз. Кыргыз аскери кайсы объекттерди кайтара тургандыгы маалым эмес. Мындан сырткары аскердик-медициналык жардам жөнөтүү боюнча чечимдер министрлер кабинетинде каралат. Аскердик чыгымдар ЖККУнун негизинде жүрөт. Биздин бюджеттен акча бөлүнбөйт", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан