
Президенттин басма сөз катчысы
Эрбол Султанбаев азык-түлүктөрдүн запасы тууралуу билдирүү жасады.
"Казакстан тараптын айрым өткөрмө пункттарынын жабылышына байланыштуу кооптонуулардан улам Кыргыз Республикасында бүгүнкү күндө социалдык маанилүү азык-түлүктөр менен күйүүчү-майлоочу материалдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилейбиз.
Жарандарды белгиленген азык-түлүктөрдүн мүмкүн болгон тартыштыгынан же баалардын кескин көтөрүлүшүнөн чочулабоого чакырабыз.
Эки өлкөнүн дипломатиялык мекемелери эки тараптан мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги айрым өткөрүү пункттарынын ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Казакстандагы коомдук-саясий кырдаалдын толук турукташуусу соода-экономикалык байланыштарды толук кандуу жөнгө салынышына негиз болот”, - деди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.