Бишкекте Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан жыгач иштетүүчү цехтен өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, өрт бүгүн, 7-январда чыкты.
Өрттү өчүрүүгө 1 суу ташуучу унаа, штаб жана жалпы 2 эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылды. Өрт саат 12:40та толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок.
Учурда материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.