Соңку суткада республика боюнча COVID-19 илдетинен сакайып 55 бейтап үйлөрүнө чыгарылды. Мындай маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, стационардык дарыланууда жалпы 370 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 782 бейтап бар.
Илдеттен айыккандардын жалпы саны 180 221 бейтапты түздү.