Нарында милиция жана жол кыймылынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат

Нарын ШИИБинин өздүк курамы жарандардын коопсуздугу, жол эрежелерин бузбоо жана жол кырсыктарын алдын алуу багытында иштерди алып барууда.

Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы өзгөчө кырдаал режиминин шарттарын, талаптарын туура аткаруу, ошону менен бирге жарандарга өздүк гигиенаны, тазалыкты сактоо максатында бир катар түшүндүрүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

"Нарын ШИИБи жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери Нарын шаарынын аймагындагы жарандардын коопсуздугу, жол эрежелерин бузбоо жана жол кырсыктарынын алдын алуу багытында иштерди алып барууда. Нарын шаардык ички иштер бөлүмүндө профилактикалык каттоодо турган ата-энелер, өспүрүмдөр текшерилип, зордук-зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле Нарын шаардык мэриясынын алдындагы түзүлгөн тиешелүү комиссиянын мүчөлөрү менен бирдикте азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн иштөө убактыларына чектөөлөрдү коюп, 11-майдан тарта ишке киришкен кээ бир мекеме, ишканалардын кызматкерлерине да жугуштуу илдеттин алдын алууда санитардык эрежелерди туура сактоого чакырышууда", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан