Бразилиянын президенти коронавирус жуктуруп алды

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Мындай маалымат чет элдик басылмаларда жазылды.
Маалыматка ылайык, анын дене табы 38 градустан жогору болгондугунан улам коронавируска карата тест тапшырган. Анын жыйынтыгы вирус жуктуруп алгандыгын тастыктаган. Өлкө башчысы өпкөсү таза экендигин жана өзүн жакшы сезип жаткандыгын билдирген.
Бразилиянын өлкө башчысы коомдук жайларга бет кап, кол кабы жок чыгып жүргөн. Ошондой эле тарапташтары менен болгон жолугушууда социалдык аралыкты сактабай жүргөндүгү буга чейин да айтылып келген. Мындан сырткары ал обочолонуу тартибин вирус жуктуруп алуу коркунучу жогору болгон жана жашы 60тан жогору адамдар гана сакташы керек деген.
Буга чейин Бразилиянын соту президентти коомдук жайларда бет кап тагынууга милдеттендиргени жазылган.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ZUXRIDDIN20
2020-07-08 00:13:54
Ушул президент өткөн күнү коронавирусту тоготпой жатат эле. Эми вирус жугүзүп алды дейт. Атайын эле кылышкан окшойт
+1
AdylbekB84
2020-07-08 00:57:31
Ишенбей жатты элего бул вирустун бар экенине, маска тагынбаганына штраф дагы алды беле жалган айтпасам.
+1
mateus
2020-07-08 04:00:53
Бул киши да вирус жок деп Бразилиялыктардын убалына калды, ушунун айынан учурда Бразилия жуктургандар саны боюнча дүйнөдө экинчи орунга чыгып кетти. Кудай буга да бир көрсөтөйүн деген го
0
Farra16gsin
2020-07-08 05:59:09
Вирус жуктурган биринчи президент экен дүйнөдө эми кыргыз көчү жолун улайтпы?
-2
Jelezo
2020-07-08 06:37:28
Farra16gsin, бирөөгө жамандык тилегенче өзүңө амандык тиле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан