Буга чейин SUPER.KG порталына Ош облусунун Ноокат районунун тургуну кайрылып, ичүүчү суунун тазалыгына кабатыр болуп жатканын айткан. Тагыраагы "ичүүчү суу алган дарыя аппак сүттөй болуп агып жатат" деп видеосун дагы жөнөткөн.
Бул маселе боюнча Ош облусунун Ноокат районундагы акими Данияр Иманалиев комментарий берди.
"Арал айылы аркылуу Кыргыз-Ата суусу агат. Ошол айылда мрамор иштетүүчү "Мрамор-Стоун" жоопкерчилиги чектелген коому бар. Мраморду кескенден кийин чогулган күкүмдөрү топтолгон жай дарыяга жакын болгон. Ал жерде суу каптап кеткенде күкүмдөрү сууга кошулуп аккан. Негизи ал химиялык зат эмес.
Бул боюнча дүйшөмбү күнү Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциядан корутундусун алып, ошого жараша чара көрөбүз", - деди аким Иманалиев.
Ал эми Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясы лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүп жатканын маалымдашты.