Ош облусунун Өзгөн шаарынын тургуну "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө кайрылды.
Окурмандын айтымында, бир аптадан бери Өзгөн шаарынын айрым көп кабаттуу үйлөрүнө жылуулук берилбей жатат.
"Өзгөн шаарынын №32, 74 көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларыбыз. Бизде бир жумадан берүү жылуулук берилбей жатат. Үйлөр суук, балдар ооруп жатат. Тийиштүү мекемелерге кайрылдык. Бизди уккан адам жок", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.