Кайрат Примбердиев: "Викрам Рузахунов митинг үчүн Казакстанга барышы мүмкүн эмес"

Бишкекте Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин алдында митинг өтүп жатат. Митингге өнөр өкүлдөрү, активисттер дагы катышууда.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев нааразычылык акциясына кесиптеши, музыкант Викрам Рузахуновду колдоо үчүн келгенин айтты.

"Мекендешибиз, жаз музыканты Викрам Рузахуновду колдоо үчүн келдик. Анын жакындары дагы видеодогу Викрам экендигин айтып жатышат. Ал террордук акт, мародёрлукка шектелип жатат. Аны билген адам катары буга каршыбыз. Анткени Викрам өлкөдөгү белгилүү жаз музыканты. Ал митинг үчүн Казакстанга барышы мүмкүн эмес. Видеодо дагы байкалып турат, атайын даярдалган тексти окуганы. Мен буга чейин деле жарандык пикиримди билдирип, ар кандай митингдерге катышкам. Бирок Викрам бир дагы жолу митингге катышкан эмес. Анан башка өлкөгө митингге катышам деп барганына акылыбыз жетпей турат.

Тийиштүү кызматтар бул маселени тез арада туура жана мыйзам чегинде чечип, мекендешибизди өлкөгө кайтарса", - деди Примбердиев.

Маалымат үчүн:

Буга чейин Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.

Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Kari
2022-01-09 16:05:44
Мамлекет чара коруу керек.Жок жерден конушу олкону айыптаганга алардын акысы жок.Оз элин эптей албай айыпты озгого тагышпасындар,Казактын чириндилери
+13
nazira...
2022-01-09 16:10:07
Кыргызбы бул Викрамыңар
-6
surgeon777
2022-01-09 16:18:02
nazira...,Кыргыз жараны,эмне болду
+10
Fernando_Torres
2022-01-09 17:13:26
surgeon777,улуту башкачаго
-3
Antiradikal10
2022-01-09 19:16:14
Fernando_Torres, ушунча да тушунугун ноль акмаксынбы? Кыргыз жараны деп жатат. Эмне, Кыргызстанда жашаган озбек, орус, уйгур, чечен, корейлер улуту кыргыз болбогону учун кыргыз жараны болбой калабы сенин оюнда?!
+6
Marni
2022-01-10 01:45:42
Fernando_Torres, сен маңкурт эле эмес, нацист да турбайсыңбы! Тфу.
+2
bayern-munchen
2022-01-09 17:16:26
nazira...,улуту башка бул эшектин уйгур или лолубу кыргызда Викрам деген ат жок да кысып эле жашаса болмок башка улуттар кыргыздын атын булгабай
-5
Antiradikal10
2022-01-09 19:14:47
bayern-munchen, кыргыздын атын не деп булгалы ыя? Сени биротоло банга айдоо керек.
+2
bayern-munchen
2022-01-09 20:03:29
Antiradikal10,корктунбу айдоо керек деп калдын
-5
Marni
2022-01-10 01:48:11
Bayern-München, Дагы бир нацист. Тфу.
0
Marni
2022-01-10 01:44:17
nazira..., Кыргыз Республикасынын жараны.
0
bond02
2022-01-09 16:27:16
Митинг боюнча алдыдабыз кыйынбыз, бийликти бир кундо алып коебуз деген кыйындар, бул жердеги митингинер бир тыйын, кыйын болсонор Казахстанга барып митингге чыгып бошотуп келгилечи.
-11
Antiradikal10
2022-01-09 16:32:26
Кызык эле жазып коюпсун го? Эмнеге кыргыздар Казахстанда митинг жасап, казак бийлигин алмаштыруу керек?

Тиги жигитти казак бийлиги камаса, аны кыргыз бийлиги айтып деп бошоттуруусу керек да, же кыргыз эли барып казак бийлигин басып алуусу керек беле, ал музыкантты бошотуу учун?
+4
bayern-munchen
2022-01-09 17:19:33
Ушул Кайрат дагы тажатты Бир уйгурга болушуп Кыргыз атын булгаган бул иттерге айоо жок урсун казактар бок жегени барабы
-5
Marni
2022-01-10 01:50:33
Bayern-München, munchen эмес muenchen деп жазылат, түркөй. Korrigiere.
0
raykray
2022-01-09 18:43:37
Негизи москвада да толтура башка улут грж Кыргыз анан эле бизди уят кылаттар¡
-4
Antiradikal10
2022-01-09 19:20:21
Даана акмак экенсинер, бийликтин жугундукорлору.

Бул музыкант 2-январдагы билетин 16-чы декабрда сатып алып жатат. Бир озу эмес учоо учуп жатат. Ошондо да канкор казак бийлигине ишенип жатасынарбы, калпы чыкса да?

Кыргызстанды жаманатты кылуу учун кочодон кармап алып эле упуп-сабап суйлотуп жатканына акылынар жетпей жатабы не?!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан