2013-жылдын 9 айында Кыргызстанга 76 миңдей автоунаа алынып келинди. Муну Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, бул көрсөткүч былтыркыдан 19 пайызга көп. Жыл башынан бери 102 миңдей автоунаа каттоодон өттү. 19 миң автоунаа каттоодон алынды, анын 382си өлкө аймагынан сыртка чыгарылгандар.
9 ай аралыгында 127,6 миң мамлекеттик унаа номурлары берилгенин билдирет аталган орган.