"Бабур" театрында оңдоп-түзөө иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Ош шаарындагы Бабур атындагы академиялык музыкалык драма театрын реконструкциялоо иштери өз нугунда жүрүүдө. Бүгүн вице-мэр Жасур Азимов оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышып, мекеменин электр жана жылуулук менен камсыздоо кубаттуулугун жогорулатуу, инженердик коммуникацияларды реконструкциялоо маселелери каралды.
Эскерте кетсек, театрды оңдоп-түзөө Өзбекстан тарабынан гранттык негизде өкмөттөр аралык келишимдерге ылайык ишке ашырылууда. Учурда имараттын ички бөлүгүндө иш жүрүүдө. Долбоордун баасы 5 миллион долларды түзөт.