Бүгүн, 11-январга карата өлкө боюнча 348 адам коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы тастыкталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен белгилешкендей, ооругандардын эң көбү Бишкекте катталды.
Бишкек шаары - 244;
Ош шаары - 7;
Чүй облусу - 38;
Ош облусу - 16;
Талас облусу - 7;
Нарын облусу - 2;
Ысык-Көл облусу - 5;
Жалал-Абад облусу - 22;
Баткен облусу - 7.
Пандемия башталгандан тарта Кыргыз өлкөсүнүн аймагында 186 миң 413 адам коронавирус инфекциясынан жабыркады.