"Коронавирус биринчи бизде катталганда кантип дарылайбыз деген чочулоо болду". Жалал-Абад шаардык клиникалык оорукананын жетекчисинен маек

18-апрелге карата Жалал-Абад шаарындагы клиникалык ооруканада коронавирус менен ооруган 1 бейтап калды. Калган бейтаптардын баары дарылоодон ийгиликтүү өтүп, үйлөрүнө чыгарылган. Аталган клиникалык оорукананын жетекчиси Кумар Ботокараев SUPER.KG порталына дүйнөнү бушайман кылган оору менен кантип күрөшүп жатышканы тууралуу маек курду.

- Саламатсызбы, Кумар Пазылович. Ушул кезге чейин сиздердин ооруканага канча бейтап жаткырылып, канчасы айыгып чыкты?

- Саламатчылык. Жалал-Абад клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 16-марттан тартып жалпы 52 бейтап катталды. Алгачкы 3 бейтап кичи ажылыктан келген Сузак районунун тургундары болгон. Алар түнкү саат 02:40тарда дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп, чыйрыгып, муун-булчуңунун ооруган абалда бизге келип түштү. 6-7-суткага барып бейтаптардын абалдары оорлошуп, 4-5 сутка жандандыруу бөлүмүндө жаткандан кийин айыгып, чыгып кетишти.

Жалпы Сузактан келгендерден төртөө оор абалга түшүп, экөөнүн абалы өтө оор болду. Абалы өтө оор болгон аксакал менен жаш баланы өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка кошконбуз. Дарыгерлердин тыкыр көзөмөлү, жакшы дарылоосунан улам баары жакшы болуп айыгып, үйлөрүнө чыгышты. Негизи вирус адамга жуккандан кийин 7-8-9-суткага барып козголот экен. Ошол убактан жакшы болуп чыкканы чыгып кетет экен, чыга албай калганы калат экен.

- Коронавирус Кыргыз өлкөсү боюнча алгач Жалал-Абад облусунда катталды. Дүйнөнү дүрбөлөң кылган оору менен кантип күрөштүңүздөр?

- Албетте, бысмылла дегенде коронавирус эпидемиясы бизден башталды. Баарыбызда коркунуч болду. Бизге алгач Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан алгоритмдер берилген. Анткен менен коронавирус менен эч ким бетме-бет келишпегендиктен бизге баары бейтааныш болду. Оору кандай формада келет, аны кантип дарылайбыз, бейтаптын жанына канча адам кирет, кантип карайт эч кимибиздин тажрыйбабыз жок болчу. Дүйнө жүзүндө берилип жаткан маалыматтардан, сыналгыдан, гезиттерден, радиолордон вирусту бизге өтө эле коркунучтуу кылып көрсөтүп коюшкан.

Биздин ооруканада эмгектенген дарыгерлердин басымдуу бөлүгү Советтер Союзу мезгилинде билим алгандар, өз ишин мыкты билген адистер болгондуктан, алар менен чогуу кеңешип, кантип дарыласа болот, кантип диагноз койсо болот, кантип оор абалдан алып чыгып кетсе болот, ошонун баарын 1 аптанын ичинде өздөштүрө алдык. Дарыгерлердин эмгегинин натыйжасында өтө оор абалдагы бейтаптарды да сакайтып, ооруканадан чыгарганга мүмкүнчүлүк болду.

17-апрель күнү ооруканадан 14 бейтап айыгып, чыгарылды.

- Акыркы учурда медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктургандар көп катталууда. Сиздерде мындай учур болдубу?

- Биздин ооруканада башында 1 сестра-хозяйканын канынан вирус табылган. Бирок ал өзү ооруган жок. Ага карабай аны изоляцияга алып, 14 күн дарыладык. 2 жолу тапшырган анализи таза болуп, үйүнө чыгардык.

- Медицина кызматкерлери сиздерде катталбаганына караганда коргонуучу кийимдер жетиштүү жана кызматкерлер эрежени жакшы сактап жатышат окшойт?

- Кудайга шүгүр, Сузакта да, Жалал-Абад шаарында да медицина кызматкерлери коргонуучу кийимдер менен толук камсыздалышкан. Ал эми коргонуу боюнча, оорулар жаткан бөлүмгө киргенде кандай кийинүү керек, чыкканда кандай чечинүү керек, баарынын эрежеси бар. Канча кол кап кийүүсү керек, кандай бет кап, өтүк кийүү, чечүүнүн өзүнүн жолу бар. Ар бирине дыкат мамиле кылуу кажет. Бейтаптардан чыккандан кийин атайын зона бар. Ошол жактан коргонуучу кийимдерди өзүнүн кийимине тийгизбей чечип, жуунушат. Андан соң гана таза зонага өтүшөт. Ал эми кийимдер толугу менен утилизацияланат.

- Жалал-Абад шаарында качан коронавирус эң көп катталды?

- 3-4-апрелдерде. Ошондо 1 күндө 15 чакты бейтап келип түштү. Арасында бир үй-бүлөнүн 3-4 мүчөсү коронавирус менен ооруган учур болду. Мисалы, кичи ажылыктан келген бир аксакал баласына жуктурган, баласы кызына жуктурган, кызы башкага жуктурган. Ошентип чынжырча болуп кеткен учурлар катталды.

- Медицина кызматкерлери кандай режимде иштеп жатышты?

- 24 саатта 6 бригада 4 сааттан кезектешип иштеди. Мисалы, бейтаптын жанына бир дарыгер кирет же керек болсо 1 реаниматолог, инфекционист кирет. Ошондой эле санитарка, медайымдар кабар алып, тиешелүү иштерин аткарып турушат. Бирок 4 саат инфекциялык зонада жүрүү да оңой эмес. 4 саат бою дарыгерлер бейтаптын абалын карайт, дене табын өлчөйт, керектүү дарыларды берет, документтерди толтурат. 4 сааттан кийин кайра башка бригада менен алмашат. Инфекциянын очогунда жүрүү ар бир кызматкер үчүн чоң коркунуч. Андай абалда вирусту жуктуруп албайын деген сезим баарында болот. Үй-бүлө, туугандарынын алдында жоопкерчилик эки эсе көбөйөт.

- Бүгүн Жалал-Абад облустук медициналык штабдын башчысынын орун басары Урмат Боржиев "Жалал-Абадда коронавирус эпидемиясы басаңдап баштаганы байкалууда" деп билдирди. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

- Жалал-Абад облусунда коронавирус менен ооругандарды дарылоо үчүн эки бөлүм даярдалган. Бири биздин оорукана, экинчиси Сузак райондук ооруканасынын терапия бөлүмү. Учурда Сузакта 30 чакты бейтап ооруканада жатат. Алардын да анализи чыкса, көрсөткүч дагы өзгөрөт. Жалпысынан алганда эки жакка тең ооруп түшкөндөр азайып, дарыланып чыккандар көп болууда. Бирок бул толук жеңиш эмес. Качан гана акыркы бейтапты ооруканадан айыктырып чыгарганда, Кудай буюрса, "мына биз коронавирусту жеңдик" деп баш кийимибизди, бет каптарыбызды асманга ыргытабыз.

- Айтканыңыз келсин! Маегиңиз үчүн рахмат!

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Usow
2020-04-18 21:09:45
Аамин кудай буйуруп батырак жок болуп кетсин бул илдет
+11
tabyshmakkyz
2020-04-19 01:46:11
Кумар Пазылович өз ишин мыкты билген дарыгер! Ишинизге ийгилик! Жалпы медицина кызматкерлерине ийгилик! Ден соолук!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан