Күч менен унаага салып, денесине залал келтирип, ыдык көрсөткөн. Бишкекте чала тааныш кызын уурдоого шектүү камалды

Бишкек шаарында адам уурдоо фактысы катталып, кылмышка шектүү делинип 35 жаштагы жаран кармалды. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан шектүү чала тааныш кызына сексуалдык ыдык көрсөткөнүн белгилешти.

Белгилүү болгондой, шаар тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, чала таанышы ага күч колдонгонун, денесине залал келтиргенин жана сексуалдык ыдык көрсөткөнүн айтып арызданган.

"Окуя 8-январда саат 23:30 чамасында Коёнкөзов көчөсүндө орун алган. Анда Б.Ф. аттуу кызды чала таанышы курал менен чапкан. Бул учурда кыз көчөдөгүлөргө жардам сурап кайрылган. Кыздын таанышы жардамга келген кишини да сабап, андан кийин кызга күч колдонуу менен Хонда Фит унаасына салып, Ала-Арча суу сактагычына алып барган. Ал жерден денесине залал келтирген, андан соң ал Тоголок Молдо жана Ташкент көчөлөрүнүн кесилишине келип ыдык көрсөткөн.

Бул факты боюнча 165-берене ("адам уурдоо") менен иш козголуп, тергөө иштери башталды.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү делинип 1986-жылы туулган М.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Биринчи Май райондук соту тарабынан СИЗО-1ге 2 айга камакка алынды. Ошондой эле шектүүнүн унаасын кароо учурунда курал, ок, бычак табылып, экспертиза дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KaGaH
2022-01-12 11:38:51
Уйгур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан