Баткен облусунда күйөө баласын эки кайнагасы өлтүрүүгө шектелип кармалган окуя. Иш ар тараптуу тергелип жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Урматтуу Бужум айылынын тургундары. 2021-жылдын октябрь айында 1988-жылы туулган Темирбаев Жигиталинин өлүмү боюнча кылмыш иши Баткен РИИБинде ар тараптуу тергелип жатат. Окуя болгон күнү шектүү айдап жүргөн Деу-Матиз үлгүсүндөгү унаа 21-октябрь күнү эле Баткен РИИБинин короосуна токтотулуп, тергөөчү тарабынан мөөр басылган. Учурда "унааны маркумдун аялы айдап жүрөт" деген маалымат туура эмес.
Ал эми кармалган Бужум айылынын 31 жаштагы тургуну И.М. жана анын бир тууган инисин камакка алынган. Тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу ар бир тергелген ишти сиздерге кеңири жеткире албайбыз", - деп жазылат маалыматта.
Окуянын чоо-жайы:
2021-жылдын 17-октябрь күнү саат 22:30дар чамасында Баткен районунун Бужум айылында жашаган 1988-жылы туулган Жигитали Темирбаев белгисиз тарапка чыгып үйгө кайрылып келген жок деп бир тууган эжеси 19-октябрь күнү милицияга кайрылган.
Бул факты Баткен РИИБинде каттоого алынып, издөө иштери жүрө баштаган. Тажрыйбалуу криминалдык милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада шектүү катары Баткен шаарынын Бужум айылынын 31 жаштагы тургуну И.М. жана анын бир тууган иниси 28 жаштагы Ж.Н. аныкталып кармалган.
Бул факты өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысына квалификациясы өзгөртүлгөн.