Ош облусунун Ноокат районундагы Арал айылында жайгашкан таш кесүүчү ишкананын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Мындай чечимди аталган ишкананы жеринде текшерген атайын комиссия чыгарганын президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
"Таш кесүүчү ишкана тарабынан экологияга зыян келтирилгени жана тиешелүү уруксат кагаздары жок экени аныкталды", - дешет мекемеден.
Буга чейин
SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Ош облусунун Ноокат районунун тургуну кайрылып, ичүүчү суунун тазалыгына кабатыр болуп
жатканын билдирген. Тургун "
ичүүчү суу алган дарыя сүттөй аппак болуп агып жатат" деп видеосун дагы жөнөткөн. Ал эми Ноокат районунун акими
Данияр Иманалиев суу эмнеден улам булганганын
айткан.
Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынан лабораториялык изилдөөлөрдү
жүргүзүп жатканын маалымдашкан. Атайын текшерүүлөрдүн негизинде дарыядагы суунун булганышына Арал айылында иш алып барган таш кесүүчү ишканадан чыккан саркындылар себеп болгону аныкталган.
Жергиликтүү тургундар президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө таш кесүүчү ишкананын ишмердүүлүгүнө нааразы болуп, арыз менен кайрылышкан.