Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда үй камагына чыккан депутат Акбөкөн Таштанбеков Жогорку Кеңеште ант берди.
Эске салсак, Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалымдалган. Ага карата улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча иш козголгон.
Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбековго ырастама жана төш белги тапшырылган.
10-январда ал үй камагына чыкты.
SUPER.KG порталына ал ага коюлган айыптар тууралуу айтып берди.