Бүгүн, 12-январда парламенттин жыйынында депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин жыйынын өз убагында баштоону талап кылды
"Жогорку Кеңештин жыйыны саат 10:00дө башталат дегенден кийин ошондо башталышы керек. 6-7-класстын балдары 7:30да мектепке сабакка барып жатат. Тартипти өзүбүздөн баштасак. Анан сүйлөгөндө таза кыргызча же таза орусча сүйлөсөк, аталасын чыгарбай. Кыргызча билбесең орусча сүйлөш керек", - дейт Мадумаров.