Депутат Шакиев: "2 же 3 вице-спикерден маселе чечилбейт"

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда Жогорку Кеңештин түзүмү талкууланып жатат.

Депутат Нурланбек Шакиев 2 же 3 вице-спикерден маселе чечилбей турганын айтты.

"Бири-бирибизге акыл үйрөтпөй, бири-бирибизди зекибей ар кимибиз өзүбүздүн пикирибизди айтсак. Ар бир депутаттын пикирин сыйласак. 90 депутатка жага турган комитет түзүү кыйын. Ар биринин өзүнүн пикири бар. 8 комитетке, 3 вице-спикерге токтолдук. Вице-спикер деген макамы эле болбосо анын кошумча айлыгы, артыкчылыгы жок. 2 же 3 вице-спикерден маселе чечилбейт", - дейт Шакиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан