Адахан Мадумаров: "Өкмөттүн мүчөсү депутаттарды кагып жатканда азыр вице-спикерликке сунушталып жаткандардан бир сөз уккан жокпуз"

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда вице-спикерликке талапкерлерге суроолор берилип жатат. Депутат Адахан Мадумаров депутаттарды каккандарды ордуна коюу керектигин айтты.

"Баарыңар татыктуусуңар. Кечээ өкмөттүн мүчөсү келип кесиптештерди кагып-силкип, коркутуп жатса бир киши чыккан жок. Добушту алып отурасыңар, Жогорку Кеңештин бир депутатына өкмөттүн мүчөсү же башка жактан келип регламентти бузуп мамлекеттик жетекчинин этикасын бузуп, атырылган болсо аларды ордуна коюу силердин милдетиңер. 4 талапкерден бир сөз уккан жокпуз. Өкмөттүн мүчөсү депутат Нуржигит Кадырбековго асылды. Буйрук менен келгендер элдин элегинен өткөн жигиттердин, кыздардын намысына шек келтирбеши керек", - дейт Мадумаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан