Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларын кайрадан шайлоону сунуштады

Депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларын кайрадан шайлоону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал ишеним кат менен шайлоо болбой турганын эскертип, кайрадан шайлоо өткөрүүнү сунуштады.

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагалары шайланды.

  1. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагалыгына Медербек Аалиев;
  2. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагалыгына Аманкан Кенжебаев;
  3. Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагалыгына Динара Ашимова;
  4. Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагалыгына Азиз Турсунбаев;
  5. Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагалыгына Бакыт Сыдыков;
  6. Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагалыгына Данияр Төлөнов;
  7. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагалыгына Сүйүн Өмүрзаков.

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук, тышкы миграция жана этникалык мамилелер боюнча комитетинин төрагалыгына Тазабек Икрамов 38, Жанарбек Акаев 45 добуш алган. Жанарбек Акаевге бир добуш жетпей калды. Кайрадан шайлоо өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан