Алтынбек Сулайманов: "Менин артымдан комментарий бербей эле койгула, катуураак жооп алып каласыңар"

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагалары шайланды.

Депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларын кайрадан шайлоону сунуштады.

Ал ишеним кат менен шайлоо болбой турганын эскертип, кайрадан шайлоо өткөрүүнү сунуштады.

Депутат Алтынбек Сулайманов жооп кайтарды. "Ишеним кат менен добуш берилди. Биз эски регламент менен жашап жатабыз. Жаңы регламент кабыл ала элекпиз. Талаш бар, маселе жок. Ушул убакка чейин ушинтип келгенбиз. Менин артымдан комментарий бербей эле койгула. Катуураак жооп алып каласыңар", - дейт Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан