Президент Садыр Жапаровдун Каракол шаарында лыжа тээп, туристтерди чакырган видеосу Түркиянын көчөлөрүндөгү экрандардан көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Твиттердеги баракчасына видео жарыялады. Анда LED-экрандан Садыр Жапаровдун лыжа тээп жатканы, Каракол шаарынын бийиктиктеги көрүнүшү байкалат.
Элчи президенттин видеосу Анкаранын Этимесгут аймагында 8 LED-экрандан көрсөтүлүп жатканын жазды.
Белгилей кетсек, 1-январда өлкө башчы Каракол шаарындагы тоо-лыжа базасында болуп, анда лыжаа тээп, жарандарды, туристтерди эс алууга чакырган.