SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылды.
Окурман жолдошу 2-топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү жаран экенин айтып, январь айында көбөйтүлөт деген жөлөк пулдан дайын жок экендигин маалымдады.
"Өлкө башчы январь айынан тарта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жөлөк пулуна 50 пайыз кошулат деген болчу. Эч кандай акча кошулбаптыр. Жолдошум 2-топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран. Жөлөк пул катары 5200 сом алчу. Ашыкча 1 сом кошулган жок. Кошулбаса эмне себептен айтты? Менин суроомо жооп берген адам барбы?", - деп суроо салды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.