Бишкектеги көп кабаттуу турак үйлөрдөгү лифттердин 1 миңден ашыгынын нормативдик иштөө мөөнөтү аяктаган. Мындай маалымат Бишкек шаардык кеңештин жыйынында "Бишкек лифт" ишканасынын директору Майрамбек Саманчиев тарабынан белгилүү болду.
Жыйында Майрамбек Саманчиев 11-январда Улан-1 кичи районунда орун алган каргаша тууралуу маалымат берди. Андан кийин жыйындын катышуучулары лифттердин иштөөгө жарактуу мөөнөтү, жылына канча лифт жаңыланары, бюджеттен канча каражат бөлүнөрү тууралуу сурашты.
"Бүгүнкү күндө колдонуу мөөнөтү өтүп реестрге катталган лифттердин саны 1000ден ашык. Алардын айрымдары иштеп жатат. Мэриянын бюджетинен жыл сайын каражат бөлүнүп, турат. Былтыркы жылы 20 лифт жаңысына алмаштырылды. Бир лифттин баасы орто эсеп менен алганда 1 миллион 200 сомду түзөт (орнотуу иштери менен кошо)", - деди ал.