Бишкекте дарыгердин көзөмөлү жок өз алдынча антибиотик ичип дарыланган аял киши каза болду. Бул тууралуу Бишкектеги "Тез жардам" кызматынын башкы дарыгери Егор Борисов билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-январь күнү кечинде аял киши "Тез жардам" кызматынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн, көп өтпөй ал аллергиялык реакциядан улам ооруканадан каза болгон.
"Маркумдун жакындары менен телефон аркылуу байланышканда, ал антибиотиктерди өз алдынча ичкенин тастыкташты", - деди Егор Борисов.
Белгилей кетсек, маркум 60 жашта болгон.