Казакстандагы баш аламандыкта каза болгон эки Кыргыз жаранынын сөөгү жакындарына берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, көз жумган А.Мусаевдин сөөгү туугандарынын чечими менен Алматыда жерге берилет. Анын апасы учурда Казакстанда.
"Каза болгон экинчи жарандын сөөгүн Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүү боюнча "Жүк-200дүн" тиешелүү документтери бүткөрүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.