Орусияга барган мигранттар 30 күндүн ичинде медициналык кароодон өтүшү керек

Орусияга визасыз кирип, иштөө үчүн барган мигранттар 30 күндүн ичинде медициналык кароодон өтүшү шарт. Ошондой эле манжа изин мамлекеттик каттоо жана сүрөткө тартуу тартибинен өтүшү керек. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен белгилешкендей, мындай эрежелер Кыргыз жарандарына да тиешелүү.
Бүгүнкү күндө Москва шаарында медициналык текшерүү төмөнкү мекемелер тарабынан жүзөгө ашырылат:
1. Москва шаары, Докукина көчөсү 18 дареги боюнча Москва шаарынын Мамлекеттик бюджеттик саламаттык сактоо мекемеси "Москва шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин кургак учукка каршы күрөшүү боюнча Москва шаардык илимий-практикалык борбору". Кабыл алуу күн сайын саат 8:00дөн 20:00гө чейин, ишемби күнү саат 9:00дөн 16:00гө чейин, жекшемби - дем алыш күн.
Медициналык текшерүүнүн баасы 6940 рубль, төлөм мекеменин өзүндө терминал аркылуу жүргүзүлөт. Кабыл алуу мекемеге келип кезекке туруунун негизинде ишке ашырылат. Медициналык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы 5-7 жумушчу күндүн ичинде чыгарылат;
2. Москва шаары, Раменки көчөсү 27 дареги боюнча Москва шаарынын мамлекеттик бюджеттик саламаттык сактоо мекемеси "Москва шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин № 131 шаардык балдар поликлиникасында", кабыл алуу шейшемби жана жума күндөрү саат 10:00дөн 14:00гө чейин (аптасына эки жолу) жүргүзүлөт.
Медициналык текшерүүнүн баасы 4100 рублду түзөт. Кабыл алууга жазылуу - 8 (925) 867 58 18 телефону боюнча жүргүзүлөт;
3. Сахарово айылы (Варшавское шоссесинин 64 км.) 1-үй, 47 корпус дареги боюнча Сахарово айылындагы көп функционалдуу миграциялык борбор. Кабыл алуу күн сайын (дем алышсыз) саат 8:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт. Акы төлөнүүчү кызматтардын баасы 5300 рублди түзөт (анын ичинен медициналык текшерүүнүн баасы 4100 рубль, ММБ кызматынын баасы 1000 рубль, банктык кызматтар 200 рубль). ММБда манжа изин тапшыруу жана сүрөткө тартуу процедурасынан да өтсө болот.
Медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн чет өлкөлүк жаран паспортту, (чет элдик же ID-паспортту көрсөтүүдө) көрсөткөн учурда паспорттон котормосун жана миграциялык картаны көрсөтүүсү керек.
"Медициналык текшерүү жарандардын дарыгердин көрсөтмө жок баңги каражаттарын же психотроптук заттарды колдонуу фактысынын бар же жок экендигин, жугуштуу ооруларды, анын ичинде адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу (ВИЧ инфекциясы) менен шартталган жугуштуу ооруларды текшерүүнү, ошондой эле айрым дарыгерлердин (фтизиатр, дерматовенеролог, инфекционист, терапевт, психиатр-нарколог) текшерүүсүн камтыйт.
Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы терс болсо, тиешелүү маалымкат берилет. Эгерде изилдөөнүн жыйынтыгы оң болсо же изилдөө жүргүзүлбөсө, күбөлүк берилбейт. Эгерде мындай жарандарга карата баңги каражаттарын же психотроптук каражаттарды колдонуу же жогоруда көрсөтүлгөн оорулар аныкталса, аларга Орусиянын аймагына кирүүгө уруксат бербөө жөнүндө чечим кабыл алынат.
Медициналык текшерүү процедурасынан өтүү үчүн башка медициналык уюмдарды аныктоо жөнүндө маалымат келип түшкөндө, Элчилик кошумча маалыматтарды жарыялайт", - дешет элчиликтен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Birimdik5555
2022-01-14 19:16:51
Эмнеге мынча кымбат, башында баары бекер деп айтпады беле
+1
nura74
2022-01-15 16:00:15
Кызык,анда мигранттар келип эмне кылат ,баары бекер болот дешкен го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан