Жогорку Кеңештин 20-ноябрдагы жыйынында депутаттар Төө-Ашууда жүздөгөн унаалар жүрө албай токтоп калганын айтышты. Жылдыз Жолдошова:“Унаалар токтоп турушканы айтылууда. Тийиштүү органдар тарабынан эч кандай аракет болбой жатыптыр”,- деп төрагадан бул боюнча айрым мекемелерге тапшырма берүүнү өтүндү.
Төрага Асылбек Жээнбеков өкмөттүн ЖКдагы өкүлүнө кайрылып, тез арада тапшырмаларды берүүнү айтты. “Бул маселени танаписте өзүм көзөмөлгө алам деди”,- төрага.