УКМК: "Орозайым Нарматовага диплом берген университеттин кызмат адамдарына иш козголду"

Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы Жалал-Абад мамлекеттик университетине мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча аталган окуу жайдын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Коомчулукта жана социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын суракка чакырылганы кызуу талкууланып жатканына байланыштуу УКМК анын чакырылуу себептерин коомчулукка төмөндөгүчө маалымдайт.

"Улуттук коопсуздук органдарына өлкөнүн Жогорку Кеңешине шайлоо учурунда Орозайым Нарматованы 2013-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 3-курсуна орто кесиптик билими жөнүндө дипломдун негизинде мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча маалымат келип түшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө Нарматовага ЖАМУга тапшыруу үчүн жасалма диплом берүү ыктымалдыгы тууралуу да маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө ЖАМУдагы Нарматованын өздүк делосунда орто кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документтери жок экендиги аныкталган, бул анын окууга кабыл алынуусунун жана жогорку билими жөнүндө дипломду алуусу мыйзамсыз экендигин күбөлөндүрөт.

Мындан тышкары тергөө учурунда ЖАМУда жеке сессияларды жана тиешелүү экзамендерди тапшыруу учурунда Нарматова өлкөдө жок болуп, Орусия Федерациясында болгону аныкталды.
Демек, Нарматова Москва шаарында жүргөндө экзамендерди тапшыра алмак эмес, бул дагы ЖАМУнун жооптуу адамдары тарабынан жогорку билими жөнүндө диплом берүү мыйзамсыз экендигинен кабар берет.
Ошол себептен Нарматова жогоруда аталган кылмыш иши боюнча тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүү үчүн күбө катары суракка чакырылып, анын жыйынтыгында ЖАМУга окууга кабыл алуу жана жогорку билими жөнүндө диплом берүү фактыларына юридикалык баа берилмекчи", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek1710
2022-01-14 20:13:07
Депутаттардын баарын текшерсе ушинтип баарын.
+1
Samash-87
2022-01-14 20:14:26
Канчалаган кыргыз кызыл дипломду сандыкка салып, өздөрү талаалап жүрүшөт. Анан каяктагы мектепти толук бүтпөгөндөр депутат болуп алышкан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан