Автоунаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн төлөм киргизүүнү караган мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору жактырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
"Автоунаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн төлөм киргизүүнү караган, мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору жактырылды. Жыйымдын өлчөмү жана төлөө тартиби мыйзам күчүнө киргенден кийин министрлер кабинети тарабынан аныкталат", - деп жазылат билдирүүдө.
Ошондой эле министрлер кабинетинин жыйынында «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүк 2021-жыл үчүн алтын кениндеги иштин жыйынтыгы боюнча отчётун берген.