Январдын башында Казакстандын бир катар аймактарында болгон тополоңдордон каза болгондордун жана жабыркагандардын саны белгилүү болду.
Коңшу өлкөнүн басылмалары жазгандай, баш аламандык учурунда жалпы 225 адам каза болгон. Анын ичинен 19у укук коргоо органдарынын өкүлдөрү. Ошондой эле баш аламандыкта жалпы 4578 адам жаракат алган.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетип, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.