Кыргыз футболчусу Эрбол Атабаевдин махачкалалык "Динамо" клубунда машыгууда жүргөн сүрөтү аталган футболдук клубдун расмий баракчасына жарыяланды.
Буга чейин канттык "Абдыш-Ата" клубунда ойноп келген жаш футболчу эми махачкалалык клубга өтүшү мүмкүн. Эки футболдук клуб тең бул боюнча расмий билдирүү тарата элек.
"Динамо" футболдук клубу Орусиянын улуттук Лигасынын 2-дивизионунда оюн алып барат. Аталган клуб 18 оюнда турнирдик жадыбалда үчүнчү орунга жайгашып, Жогорку Лигага чыгууга башкы фаворит командалардын катарына кирди.