Бүгүн, 17-январга карата коронавирус илдети 781 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Анын ичинде:
Бишкек шаары – 658;
Ош шаары – 11;
Чүй облусу – 48;
Талас облусу – 14;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 14;
Баткен облусу – 27.
Өлкөдө коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 190 миң 468ди түздү.