Кытайда акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 16 адамдан аныкталды. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, инфекция аныкталган адамдардын бардыгы сырттан келгендер.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталган адамдардын ичинен 11и өлкөнүн түштүк-батышындагы Сычуан провинциясында, үчөө Ички Монголияда жана калган экөө Гуандун провинциясында катталган. Сутка ичинде коронавирустан каза болгондор жок.
Бул көрсөткүч менен инфекциянын очогу болгон Кытайда жалпы 84 миң 146 адамдан коронавирус аныкталды. 4 миң 638 адам каза болсо, 79 миң 389 бейтап айыгып чыкты.