Ооругандардын жалпы саны 506га жетти. Коронавирус дагы 17 жарандан аныкталды. Алардын 4өө аял, 13ү эркек киши. Сутка ичинде коронавируска кабылганы аныкталгандардын эң көбү Нарында (11 адам).
18-апрелге карата жалпы 16 бейтап ооруканадан айыгып чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 130 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Медицина кызматкерлеринин дагы 12си коронавирус жуктурду. Алардын жалпы саны 116га жетти.
Кыргыз өлкөсүнө Польша жана Кытайдан медицина адистери келишет. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрель, 16-апрель, 17-апрель окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.