Ырчы Гүлжигит Сатыбеков “Агенттеги махабат” аттуу ырына клип тарттырды. Бул тууралуу ырчы мырза SUPER.KG порталы менен ой бөлүштү. Ырчынын айтымында, клип Ош шаарында тартылды. Идеясы Жоомарт Абдыразаковго таандык. Клипте кыз-жигиттин агент кызматы аркылуу табышып, жолукканы чагылдырылат.
“Клип тартуу идеясына мен кийлигишкен жокмун. Тартуучу топ өздөрү тартышты, кандай клип болгонун эл өздөрү таразалайт”,- деди ырчы.