ЭЛДИК КАБАР: "Жөлөк пулга керектүү документтер болсо дагы албай калкты чарчатышты" дейт ноокаттык тургун

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Ноокат районунун тургуну кайрылды.

Жергиликтүү тургун аталган райондогу калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ишине нааразычылыгын билдирип, видео дагы жөнөттү.

"Ноокат районундагы жөлөк пулга документ тапшырчу жай. Эл ушунча көп. Жаш балдарды көтөрүп келебиз. Керектүү документтер болсо дагы албай, карапайым калкты чарчатышты. Тийиштүү органдардан текшерип, чара көрүүнү суранат элек. Ызы-чуу, ушунча эл турса да кабыл албай шайыбызды кетирди.

Документти тааныш-билиш кылып алышат.

Документти биринчи, экинчи күнү алышат", - деп кайрылды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulina00
2022-01-17 15:03:30
Пасобия алгандар жалан байлар,же тааныш,туугандарыныкы эле отот.
+3
asman.81
2022-01-18 10:38:46
Чонтокторунон бере тургансып каадаланып,1-2 ай жугуртушот.Анан акырында доля сурашат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан