Бишкекте кыш (фоторепортаж)

Бишкек шаары кардын кучагында. Узак убакытка созулган кургак аба ырайы кескин өзгөрүп, 20-ноябрда борбор шаарга жана өлкө аймактарына кар жаады. Күн суук, көчөлөр кар, тайгак... Автоунаасынын дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштыра элек айдоочуларга ыңгайсыздык жаралууда. Көчөнү тазалоо боюнча бүгүн Бишкекте 5 техника иштегенин мэрия кабарлады. Синоптиктердин маалыматына караганда, суук аба ырайы бир нече күнгө созулат. Төмөндө 21-29-ноябрга карата Бишкекте күтүлүп жаткан аба ырайы тууралуу синоптиктердин берген маалыматы:  

21-ноябрь күндүз +1, түнкүсүн -7

22-ноябрь күндүз +4, түнкүсүн 0 

23-ноябрь күндүз +7, түнкүсүн +4

24-ноябрь күндүз +9, түнкүсүн +5

25-ноябрь күндүз +11, түнкүсүн +7

26-ноябрь күндүз +10, түнкүсүн +8

27-ноябрь күндүз +13, түнкүсүн +9

28-ноябрь күндүз +13, түнкүсүн +10

29-ноябрь күндүз +11, түнкүсүн +9

   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан