Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Сотто каралып жаткан иши белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу Алмазбек Атамбаевге коюлган айып боюнча бүгүн, 17-январга соттук отурум белгиленген. Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашкандай, соттук отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

"Судьялардын бири ооруп калганына байланыштуу бүгүнкү соттук процесс болбой калды. Кийинки отурум качан болору белгисиз", - дешет мекемеден.

Белгилей кетсек, Атамбаев "Батукаевдин кылмыш иши" боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кесилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан