Садыр Жапаров Бактыбек Калмаматов боюнча: "Эптеп бийликке жетүүнү эңсеп, Калмаматовду көкүткөн карт бөрүлөрдү билебиз"

Бактыбек Калмаматовдун кармалуусу саясий куугунтук эмес. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров “Вечерний Бишкек” басылмасына берген маегинде айткан.

Анда Бактыбек Калмаматовду карт саясатчылар көкүтүп, алардын курмандыгы болду деген пикирин айткан.

Ошондой эле ал “карт бөрүлөргө” Калмаматовдун тагдыры бир тыйындыгын билдирген.

“Чынын айтсам, ошол жигитке көңүл деле бурбайм. Аны саясий куугунтук кылып эмне кылам.

Эгер Бактыбек кадыр-баркы эң жок дегенде 10 пайыз эл колдогон саясатчы болсо бир жөн. Бир пайыз добуш албаган балага башымды оорутуп эмне кылам. Мен ал бала боюнча бир да жолу жаман сөз айткан эмесмин. Ошол эле убакта ал бала мен жөнүндө эмне деген гана ыплас сөздөрдү айтып келди. Бирок мен көңүл бурган жокмун.

Мен премьер-министр болгондо 2020-жылдын 7-8-октябрь күндөрү Бактыбек Калмаматовду "биринчи вице премьер-министр болуп иштеп бер" деп кабинетиме чакыргам. "Мен биринчи вице-премьер болуп иштей албайм, өкмөттүк иштерде иштеген эмесмин, тажрыйбам жок, ачыгын айтайын ишти тарта албайм, андан көрө мен депутаттыкка барам" деп кетип калган. Кийин карасам вицеликти тарта албайм деген Бактыбегим президент болом деп чыкты.

Бул баланы артында турган карт бөрү карышкырлар "сен ушинтип кыйкырып чык" деп көкүтүп сүрөп коюп жатышат. Алардын баары кимдер экенин билебиз. Алардын да жооп берчү убактысы келет. Жаш бала алардын курмандыгы болуп калды. Фейк аккаунт ачып алып, элди кайраштырып, тополоң чыгып кетсе экен деп аракет кылып жатат. Кылган кылмышы үчүн жооп берсин да.

Артында турган ою жаман саясатчыларга Бактыбектин тагдыры баары бир. Алар үчүн анын тагдыры бир тыйынга татыбайт. Эптеп эле мамлекетте баш аламандык болуп кетсе, биз бир кызматка илинип калалы дегендер. Активист жаштарга - балдарга жана кыздарга ошондой саясатчылардын тузагына түшпөгүлө деп айтаар элем”, - деген мамлекет башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан