"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "2-топтогу майып жарандарга 2021-жылдын октябрынан баштап 500 сом кошулду" дешти мекемеден

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү жаран экенин айтып, январь айында жөлөк пулуна кошумча каражат кошулбаганын билдирди.

Жогорудагы маселе боюнча Социалдык өнүктүрүү министрлигине байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү маалымдашты.

"2-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 2021-жылдын октябрь айынан баштап 500 сом кошулган, азыркы учурда 2000 сом алат.

Белгилей кетсек, 18 жашка чейинки бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга октябрь айынан 50 пайыз, 2022-жылдын январь айынан 100 пайыз көбөйтүлгөн", - деп билдиришти аталган мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан