Борбордук шайлоо комиссиясы Биринчи Май жана Свердлов райондору боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого 4 талапкерди каттады. Бул тууралуу чечим бүгүн, 17-январда аталган комиссиянын жыйынында белгилүү болду.
Кайра шайлоого катышуу үчүн 32 жаран депутаттыкка талапкерлигин көрсөттү.