Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңеште санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Талантбек Имановдун талапкерлиги каралууда.
Жыйында кээ бир депутаттар Талантбек Имановдун талапкерлигин кароону регламенттен алып коюуну сунушташты. Бирок сунуш колдоо тапкан жок.
Депутаттар талапкердин алдыга койгон пландарын укту.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талантбек Имановдун талапкерлигин президент Садыр Жапаров жактырганын билдирип, депутаттардан анын талапкерлигин колдоп беришин суранды.
"Акыркы бир жыл ичинде Талантбек Иманов өзүн мыкты жетекчи катары көрсөтө алды. Ишеним көрсөтүп беришиңиздерди суранабыз", - деди Байсалов.
Буга чейин санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Талантбек Имановдун талапкерлигин колдогону айтылган.