"5 орун басар көп болбойбу?". Депутат санариптик өнүктүрүү министринин орун басарларына кызыкты

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Талантбек Имановдун талапкерлиги каралууда.

Анда депутат Алишер Козуев: "Санариптик өнүктүрүү министрлигинин эмгек жамаатында канча киши эмгектенет? Министр болуп калсаңыз канча орун басарыңыз болот?", - деп суроо салды.

Талантбек Иманов министрликте 5 946 адам иштерин билдирди.

"Министрликте жалпы 5 946 адам иштейт. Борбордук аппаратта 150дөй киши эмгектенет. Министрдин 5 орун басары бар экен. Ушул курам менен иш алып барам деп турам", - деди Иманов.

Алишер Козуев "5 орун басар көп болбойбу?" деп суроо узатканда, Иманов көп болорун, министр болсо орун басарын кыскартарын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан