Депутат саламаттыкты сактоо министрине: "Пандемиянын 4-толкунун басаңдатуу үчүн эмне себептен уу коргошунду колдонсок болбойт?"

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Орозайым Нарматова саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге уу коргошун боюнча суроо менен кайрылды.

"Уу коргошун боюнча сиз айтып чыкканда абдан чоң резонанс маалымат болгон. Уу коргошундун рецептин чет мамлекетке сатып, экономикабызга жакшы пайда алып келсек болот деп айткансыз. Ушуну билейин дедим эле рецепти саттыңыздарбы? Кандай жыйынтыктар болду? Пандемиянын 4-толкунун басаңдатуу үчүн эмне себептен уу коргошунду колдонсок болбойт?" - деп сурады депутат.

Министр: "Бул миң жылдан бери келе жаткан белгилүү препарат. Орусияда аконит деп колдонулат. Уу коргошун темасына кайра кайрылбайын дегем. Маалымат болсо жолукканда жооп берейин", - деп жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан