"РСК Банкынан" KKM-онлайн функциясы менен pos-терминалдарды акысыз орнотуу

«РСК Банк» ААК Кыргызстанда биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте бүткүл өлкө боюнча соода жана тейлөө ишканаларында KKM-онлайн функциясы менен pos-терминалдарды акысыз орнотууну сунуштоого багытталган долбоорду иштеп чыкты.


Бул түзүлмө-аппарат кандай кызматты аткарат? KKM-онлайн функциясы менен pos-терминал төмөнкү функцияларды айкалыштырат: каалаган банктын бардык төлөм карталары боюнча нак эмес төлөмдөрдү кабыл алуу, 1С программалык камсыздоо (бухгалтердик эсеп), ошондой эле фискалдык чекти иштеп чыгып, операциялар боюнча маалыматтарды сактайт жана салык органына отчётторду жөнөтөт.
Бул кызматтардын бардыгы реалдуу убакыт ыргагында бүткөрүлөт.


Бул түзүлмө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын бардык талаптарын бириктирет. Бул ишканалардын иши мүмкүн болушунча жөнөкөй жана ыңгайлуу жүрүшү үчүн иштелип чыкканын белгилөө зарыл. Анткени pos-терминалдык функциясы бар инновациялык кассалык машинанын жардамы менен ири соода түйүндөрүнүн ээлери үчүн кымбат баалуу түзүлмөлөрдү, атап айтканда: компьютерлерди, чектерди басып чыгаруу үчүн принтерлерди сатып алуунун кажети болбойт.


Бүгүнкү күндө РСК Банкта 1300дөн ашуун pos-терминал бар.
KKM-oнлайн функциясы бар pos-терминалды орнотууга кызыкдар болсоңуз, РСК Банкка кайрылсаңыз болот. Адистер түзүлмөнү орнотуп, аны кантип иштетүү керектигин көрсөтүп беришет.

РСК Банктын байланыш борбору: 0312 / 0552 / 0706 / 0775 911 111. WhatsApp номери: 0706 911 111.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан