Борбордук шайлоо комиссиясы депутат Орозайым Нарматованын дипломуна байланыштуу маалыматтарды карайт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын отуруму болуп, анда “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Орозайым Нарматованын дипломуна байланыштуу УКМКнын жана Билим берүү министрлигинин маалыматтары каралат.
Бул окуя боюнча редакция эл өкүлүнүн жакындарына байланышканда, анын бул боюнча маалыматы жок экенин билдиришти.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы Жалал-Абад мамлекеттик университетине мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча аталган окуу жайдын жооптуу кызматкерлерине УКМК тарабынан кылмыш иши козголгон.