Депутат вице-спикерлерди, комитеттердин төрагаларын шайлоодо гендердик теңчиликти сактоо керектигин айтты

Бүгүн, 20-январдагы “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын отурумунда “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору талкууланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алгач фракция лидери Бакыт Төрөбаев аталган конституциялык мыйзамдын долбоорунун ар бир беренесин өзүнчө карап чыгууну сунуштады.

Талкуу маалында депутаттар беренелер боюнча пикирлери менен бөлүшүп, бир катар сунуштарды беришти. Ошондой эле Жогорку Кеңештин мыйзамдык ишмердүүлүгүн ишке ашыруу тартибине, төраганы жана анын орун басарларын, тармактык комитеттердин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоого, парламенттик фракциялардын жана депутаттык топтордун ыйгарым укуктарына байланышкан бардык маселелер каралды.

Депутаттар Камила Талиева, Надира Нарматова, Нурланбек Шакиев жана Жусупбек Коргонбай уулу бир мандаттуу округ боюнча шайланып келген депутат парламенттик фракциянын курамына кирип, кайра чыкканы аны мандатынан ажыратууга негиз болуп бербей тургандыгын белгилешти. Ага ылайык алар мыйзамдагы ушул ченемди алып салууну сунушташты. Ал эми депутат Надира Нарматова төраганын орун басарларын, тармактык комитеттердин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоодо гендердик теңчиликти сактоо зарылчылыгына токтолду.

Талкуунун жыйынтыгында фракция лидери Бакыт Төрөбаев бардык сунуштар эске алынып, мыйзам кайрадан караларын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан